- Manas Journal of Agriculture Veterinary and Life Sciences
- Volume:11 Issue:2
- Кыргызстандын Чүй өрөөнүндө кулпунай (Fragaria ananassa Duch) өстүрүлгөн талааларда өсүмдүк паразитт...
Кыргызстандын Чүй өрөөнүндө кулпунай (Fragaria ananassa Duch) өстүрүлгөн талааларда өсүмдүк паразиттик нематоддорду аныктоо
Authors : Tair ESENALI UULU, Elaman KANATBEK UULU, Şenol YILDIZ
Pages : 179-185
Doi:10.53518/mjavl.935494
View : 13 | Download : 9
Publication Date : 2021-12-23
Article Type : Research Paper
Abstract : Кулпунай Fragaria ananassa Duch. дүйнө жүзүндө кеңири аянттарда өстүрүлгөн, көп жылдык чөп өсүмдүгү. Ал субтропикалык жылуу, салкын климатта эң жакшы өсүп, анын жемиштери өзгөчө өңү, жыты жана даамы менен адамзат үчүн өтө баалуу азык болуп саналат. Кулпунай толук бышкан абалында таза түрүндө, андан сырткары таттууларды жана ичимдиктерди жасоодо колдонулат. Кулпунай өстүрүүчүлүк Кыргызстанда маанилүү жана артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Кыргызстанда кулпунай негизинен талаа шарттарында өстүрүлөт, ошондуктан жай мезгилинде бышат жана сатыкка чыгат. Кулпунай башка өсүмдүктөр сыяктуу эле өстүрүү учурунда түрдүү илдеттер жана зыянкечтер тарабынан жабыркайт. Илдеттер жана зыянкечтерден сырткары, нематоддор өсүмдүктүн тамыр айланасында жашап, өсүмдүктүн азыктануусун начарлатып, түшүмдү азайтат. Бул илимий иштин алкагында Кыргызстандын эң көп кулпунай өстүрүлгөн аймагы болгон Чүй облусундагы кулпунай талааларындагы өсүмдүк паразиттик нематоддору изилденди. Жалпы жыйырма беш топурак үлгүсү жана жети өсүмдүк үлгүсү чогултулуп, изилдөөнүн жыйынтыгында 10 урууга кирген өсүмдүк паразиттик нематоддору аныкталды. Алар, Aphelenchoides, Aphelenchus, Criconema, Ditylenchus, Gracilacus, Helicotylenchus, Paratylenchus, Pratylenchus, Tylenchorhynus жана Tylenchus уруулары болуп, алардын ичинен Tylenchus жана Helicotylenchus уруулары 88 % жана 72 % катышы менен эң көп кездешкен уруулар болушту. Изилдөөдө Tylenchus жана Helicotylenchus урууларынан башка уруулардын кездешүүсү 50 % дан төмөн болушуп, тыгыздыгы жагынан да төмөн көрсөткүчтөргө ээ экендиги байкалды. Кулпунайдын коркунучтуу нематодасы, Aphelenchoides fragariae, талааларда өтө аз жыштыкта экендиги белгилүү болду. Үлгүлөрдөн Meloidogyne уруусуна кирген түрлөр табылган жок. Алынган жыйынтыктарга жараша, Кыргызстандын Чүй өрөөнүндөгү кулпунай өстүрүлгөн талааларында кээ бир өсүмдүк паразиттик нематоддору бар экендиги аныкталып, бирок, бул нематоддордун түрлөрү, кездешүү пайызы жана тыгыздыгы жагынан азырынча көйгөй эмес экендиги, ошону менен бирге, мындан ары кулпунай талааларындагы нематоддорду изилдөө иштери улантылуусу керектиги белгиленди.Keywords : Кулпунай, Fragaria ananassa, нематоддор, Кыргызстан