- Manas Journal of Agriculture Veterinary and Life Sciences
- Volume:13 Issue:1
- Түркстандын Жети-Суу областынын Пишпек жана Пржевальский уездериндеги ветеринария тармагынын абалы (...
Түркстандын Жети-Суу областынын Пишпек жана Пржевальский уездериндеги ветеринария тармагынын абалы (1868 1917-жж.)
Authors : Gulnaz ASKARBEK, Askarbek TULOBAEV
Pages : 84-90
Doi:10.53518/mjavl.1184575
View : 37 | Download : 40
Publication Date : 2023-07-01
Article Type : Review Paper
Abstract :XIX кылымдын 60-жылдарынан баштап Кыргызстандын учурдагы аймактары Россия империясынын курамына каратылган. Ошондуктан Кыргызстандын ветеринария тармагынын XIX кылымдын акырындагы жана XX кылымдын башындагы абалы Россия империясынын ветеринария тармагынын өнүгүү тарыхы менен тыгыз байланыштуу. Бул макаланын максаты – Түркстандын Жети-Суу областынын Пишпек жана Пржевальский уездериндеги ветеринария тармагынын 1868 1917-жылдардагы абалын Россия империясынын ветеринариясынын калыптануусунун жана өнүгүүсүнүн биринчи этабына салыштырып иликтөө болуп саналат. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында төмөндөгүдөй маалыматтар алынды: XIX кылымдын 70-жылдарына чейин Түркстанда эле эмес, Россиянын Европалык бөлүгүндө дагы “ветеринардык врач” термини көпчүлүк калкка белгисиз болгон. 1879-жылы Түркстан аймагына бодонун көк көйнөгү insert ignore into journalissuearticles values(чума, Morbillivirus infectious disease, pestis bovum); жугуштуу ылаӊы жайылып, Россия өкмөтү ылаңды жоюу боюнча практикалык чараларды кабыл алып, каражат бөлүп, ветеринардык адистерди жөнөткөн. 1910-жылы Жети-Суу облусунда, андан кийин Түркстанда бодонун көк көйнөгүнүн эпизоотиясын токтотууга жетишишкен. Кыргызстандагы ветеринардык кызматтын башаты катары 1891-жылы Чалдыбарда ветеринардык пункттун ачылышы эсептелинип келген, бирок, Россиянын мамлекеттик императордук архивинин маалыматына ылайык 1888-жылдан баштап Беловодское айылында ветеринардык пункт иш жүргүзгөн. Демек, Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматынын тарыхый башаты 1888-жыл деп кабыл алынышы керек. 1907-жылдын 29-30-апрелинде Пишпекте ветеринардык врачтардын бодонун көк көйнөгү менен күрөшүүгө арналган кеңешмеси өткөрүлгөн.Keywords : Kyrgyzstan, veterinary service, history of veterinary medicine